www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажиктер Жерге-Талдагы кыргыздарды чек арадан күч менен чыгарып, балдарын, ымыркайына чейин алып калышкан. Бул тууралуу белгилүү журналист Чынар Капарова социалдык баракчасына жазды. 

--"Урматтуу журналисттер, бийлик! Тажикстандын Жерге-Талынын Кашка-Терек айылынан (Чон-Алайга чектеш) 17 кыргыз жараныбыз Бишкекке келип, аргасыз кимге кайрылаарын билбей жатышат! Жерге-Талдыктар кыргыз жарандары болгондуктан чек арадан күч менен чыгарып, кичинекей балдарын (ымыркайынан мектеп окуучусуна чейин) алып калышкан. Анткени балдарында тажик жарандыгы бар! Жергиликтүү тажик бийлиги балдарын интернатка өткөрөөрүн айтышкан! Жүрөктөрү тилинип турган ата-энелерге жардам керек!!! Телефон: 0709 030 379 Суни мырза юридикалык, моралдык жардам керек! Максималдуу бөлүшөлү!", - деп жазган Капарова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости