www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аркы-теркини сүйлөп, келип-кетип, чет өлкөлөп саякаттап, жерибизге кол салынганга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн УКМК төрагасы кызматтан кетиши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Андай, мындай, кандай дебейли бизде контр чалгындоо кызматы уктап жаткан. Эч маалымат болгон эмес. Тажиктерде атуулдук согуш боло берип, чалгын кызматы укмуш иштеген. Кол чабуулар. Биздин УКМК бизнесмендерди, оппозицияны аңдыгандан башканы билбейт.

Аркы-теркини сүйлөп, келип-кетип, чет өлкөлөп саякаттап, жерибизге кол салынганга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн УКМК төрагасы кызматтан кетиши керек. УКМКга профессионал, терроризм жаатында илим-билими бар, саясаттан алыс, этинен сөөгүнө чейин чекист келиши зарыл. УКМК чын эле жетекчиден жыргабады.

Коргоо министри тууралуу талкуулап кереги жок, кетсин, жоопко тартылсын.

Чаламандын чак түшүндө тынч элге кол салып жатса аны куралдуу кагылышуу деп жымсалдаганга аракет кылгандарга макул эмесмин. Буга чейин тарыхта Гитлерди фашист деп билчүбүз. Эми тажиктерди тааныдык.

Өлкө аймагынын бүтүндүгүнө коркунуч жаралды. Кол салуу, баскынчылык болуп атса неге үчүнчү күчкө шылтайбыз? Мамлекет кадырына доо кетти. Туубуз тебеленип, тепселип, жерибиз өрттөлдү. Намыс кайда?

31 жылдан бери тарыхка көз салсак ар бир жетекчи келгенден кеткенче "үчүнчү күч" деп какылдап-какшап, креслосун кайтарып атып ит болушат экен. Өз деңгээлдеринде үчүнчү күч биздеги оппозиция. Бирок оппозиция канчалык бийликтегилер үчүн желмогуз болбосун, алар тажиктерге барып "биздин элге кол салгыла" дебейт да.

Мыкты элчилерди ар дайым алмаштырабыз. Бирок Рустенбеков мырза, сууга чөккүс, отко күйгүс. Небак пенсияга чыккан, мамлекет өмүр бою ал кишини жакшы эле бакты. Уялып эле өзү кетип калсын. Албетте, жакшы киши экени талашсыз. Балбак Түлөбаев досумдун өкүл атасы. Айтып койсо да болот эле...

Чынында үчүнчү күч менен ишибиз канча? Тажиктер ачык эле кол салды. Фашисттик агрессия болду.

"Бизде маалымат болгон" деп алдын албай ушунча адамдын канын төктүргөнгө жол бергендери кылмыш.

Эгер эл аралык сотко кайрылсак биз сотко кимди беребиз? ҮЧҮНЧҮ КҮЧТҮБҮ? АЛАР КИМДЕР?", - деп жазган эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости