www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен жергесине кирип, карапайым элди атып кырып койгон бандит тажиктердин, 1999-2000 жылдары Кыргызстанга кирип келген эл аралык экстремистер жана террорчулардан айырмасы деле жок экен. Мындай пикирин журналист Ырысбек Өмүрзаков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Эмне үчүн Отунбаеванын демилгелеринин көбү, кыргыз элине каршы?

Баткен жергесине кирип, карапайым элди атып кырып койгон бандит тажиктердин, 1999-2000 жылдары Кыргызстанга кирип келген эл аралык экстремистер жана террорчулардан айырмасы деле жок экен. Бирок, мен айтайын дегеним башка...

Ар кайсы жерлерде: базарларда, соода борборлорунда, көчөлөрдө, автобекеттерде, вокзалдарда, коомдук транспортто Баткенде жабыр таркан мекендештерибизге жардам чогулткан жаштарга рахматыбызды айтышыбыз керек. Жаштарыбыз өздөрүнүн жарандык милдетин аткарып жатышат.

Ал эми, интернационалист боло калып, «Бир тууган» тажик элинин Баткенде жабыр тарткан тажик жарандарына кыргызстандыктардан акча каражат чолулткан «Роза Отубаеванын демилгелери» фондунун иш аракеттерин кандай деп түшүнүүгө болот?

Ошондуктан, жөн эле суроо туулат: «Роза-переходка» к***н кыза турган күн келеби?

PS: Бул суроо УӨтүн башка мүчөлөрүнө да тиешелүү...», - деп кошумчалаган Өмүрзаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости