www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Анда эмне үчүн Атамбаевдин шоопуру ага кеңешчи болуп, – ​секретаршасы өлкөгө башкы прокурор болуп,  – ​күзөтчүсү өлкөгө ички иштер министр болуп, – кампачысы борбор шаарыбызга мэр болуп иштешти?»

17-март биздин өлкөдө белгилүү датага айланганы калды.

2002-жылы ушул күнү Акаевди жактаган зөөкүрлөр, үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлгөн элди коркуталы деп, Аксылык жети азаматты атып салышкан. 2018-жылы ушул күнү Атамбаевдин жактоочулары, 2002-жылы шейит болгондорду эскерүүнүн ордуна, өлкө башчыбыз С. Жээнбековду коркуталы деп, анын бир тууган иниси Асылбекти “депутаттыктан кет” деп чуу салышты. Бул опуза Атамбаевдин эшигине чогулган элдин оозунан чыкканы үчүн өлкө башчыбыз С. Жээнбековго багытталган эле Атамбаевдин кокон пеши деп атаса болот.

Чынында эле үй-бүлөлүк башкаруу өлкөдө орнобош керек. Бирок үй-бүлөлүк башкаруу болбосун демиш болуп, булар Атамбаевдин өлкөдө кош бийлик жүргүзүүсүн С. Жээнбековго таңуулап жатышат. Кош бийлик, үй-бүлөлүк башкарууга караганда элдин, өлкөнүн келечеги үчүн эбегейсиз коркунучтуу. Кандай жаман болгону менен, үй-бүлөлүк башкарууда бийлик тизгини өлкө башчынын колунан чыкпайт. Ал эми өлкөдө кош бийлик пайда болгон күнү, бийлик тизгини экинчи колго да тийип өлкөнүн ашмалтайы чыгат. 2002-жылы 17-март үй-бүлөлүк башкарууга каршы жол ачса, 2018-жылы 17-март кош бийликке каршы жол ачканы турат. Ошондуктан мен 17-март кыргыз эли үчүн маанилүү датага айланганы турат деп жатам.

Өкүнүчтүү жери, С. Жээнбековдун бир тууганы депутаттыктан кетсин деген инсандар, булар койдун терисин жамынган кечээки эле карышкырлар. Мисалы, элдин көбү билет, Асылбек Жээнбековду депутаттыктан кетсин деп чуу салган М. Мискенбаевдин былыгы жакында эле ачыкка чыгып, ал депутаттыктан четтетилген.

С. Жээнбековдун башы бүгүн Атамбаев үчүн эмес, элдин көйгөйлүү маселелерин чечиш үчүн оорушу керек. Так ушуну С. Жээнбековдон эл күтүп жатат.

Дача-СУ тургундары уктап жатканда жер менен жексен кылган учактагы жүктүн ээлери ким экенин эл билиши керек. Себеби ошондо мерт болгондордун жакындарына авиакомпания жана жүк ээлери чоң көлөмдө айып пул төлөсө деп эл эңсеп турат.

Бишкектин ТЭЦине жумшалат деп бөлүнгөн 386 млн доллар карыз акчаны уурдаган ким экенин билүүнү эл эңсеп турат. Себеби ал карыз ошол эңсеген элдин мойнуна эле илинген карыз.

Жасаган ишинин изи жок “Русгидро” компаниясына 37 млн долларды төлөткөн ким экенин билүүнү эл эңсеп турат. Себеби ал акча мамлекеттин казынасына кайра түшүшү абзел.

“Пинара” мейманканасы үчүн 11 млн долларды өлүп калган бир аферист түрккө төлөткөн ким экенин билүүнү эл эңсеп турат. Себеби ал акча да мамлекеттин казынасына кайра түшүшү керек.

Кыргыз элинин маңдай тери менен жаралган, баасы миллиард доллардан да кымбат турган өлкөбүздүн газ тармагын бир долларга баалап, Россиянын “Газпром” компаниясына саттырган ким экенин билүүнү эл эңсеп турат. Себеби акча сапырылган ал тармак кайра кыргыздардын колуна өтүшү абзел.

«Кумтөр», «Лиглас», «Жерүй», «Мегаком» компанияларына жана Батукаевге тийиштүү чырлардын беттери ачылышын эл эңсеп турат. Себеби алтын, гидроэнеретика, телекоммуникация тармактары бийлик өкүлдөрүнүн эмес, карапайым элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн кызмат кылышы керек.

Бул былыктарды жасаган бетпак коррупционерлердин бири да жазага тартылган жок. Ошондуктан бул былыктардын бетин ачса экен деп эл С. Жээнбековдон күтүп жатат.

Бул былыктардын бетин ачтырбаш үчүн, Атамбаев кош бийлик жүргүзүүгө далалат кылып жатат. Ага көңүлсүнбөй турган С. Жээнбековго ошон үчүн 17-мартта Атамбаевдин эшигинде опуза башталды. Асылбек депутаттык мандатын тапшырсын деген доомат мыйзамга сыйбаган доомат. Мыйзам боюнча, эгер депутат көз жумбаса, өз эрки менен же соттун чечими менен гана мандатынан ажырайт. Ошондуктан Атамбаевдин эшигинде айтылган опузага көңүл бурбай, Асылбек депутаттык ишмердигин уланта бериши керек. Себеби, С. Жээнбеков Президент катары Асылбек инисин депутат кылып кызматка койгон эмес. Аны эл депутат кылып шайлаган. Эгер Мискенбаев айткандай Президенттин жакындары бийликке жолобош керек болсо, анда эмне үчүн Атамбаевдин шоопуру ага кеңешчи болуп, — ​секретаршасы өлкөгө башкы прокурор болуп, — ​күзөтчүсү өлкөгө ички иштер министр болуп, — ​кампачысы борбор шаарыбызга мэр болуп иштешти? Атамбаевдин жакындары бийликте жүргөнү айкын болуп турганда, С. Жээнбековдун иниси Асылбек депутаттыктан кетсин деген доомат чындыкты бурмалоо болуп калат. Чындык бурмаланганда биздин эл «Осурак кыз, осурбаган кыздын бетин тырмайт» деп бекеринен айткан эмес. Тарыхта белгилүү, бет тырмоочулукту алсыз же күнөөкөр гана тарап пайдаланат. Буга С. Жээнбеков көңүл бурат деп ойлойм.

Атамбаевдин эшигинде айтылган опузадан коркуп, эгер С. Жээнбеков өлкөдө кош бийлик жүргүзүүгө Атамбаевге жол берсе, анда элибиз үй-бүлөлүк башкарууга каршы 2005-жана 2010-жылдары көтөрүлгөндөй эле, өлкөдө кош бийликти тизгиндөө үчүн да кайра көтөрүлүшү бышык. Атамбаевдин опузасынан коркуп, эгер С. Жээнбеков жогоруда аталган былыктарды элден жашырса, ал бүгүн өзүн колдоп турган элди, өзүнө каршы удургутуп алат. Ошондуктан «Платон мне друг, а истина дороже» деген принциптен тайбай, С. Жээнбеков көмүскөдө жаткан көйгөйлүү былыктардын бетин чечкиндүү түрдө ачышы абзел.

С. Жээнбеков кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткенден кийин элдин колдоосу менен такка отурган Кыргызстандын тунгуч Президенти. Ал Бакиевге окшоп Акаевдин бийлигин, же Отунбаева менен Атамбаевге окшоп Бакиевдин бийлигин тартып алган эмес. С. Жээнбековду эл Президент кылып шайлаган, себеби элдин ишеними ага күчтүү. Айта кетейин, ал өзүнүн токтоолугу жана тазалыгы менен карапайым элдин купулуна бүгүн да толуп турат.

Кокон доорунда опуза башталса «Кокон пешиңи, өзүңдүн кокоңо тыгып ал» деп кыргыздар ишин уланта берчү деп айтылат тарыхта. С. Жээнбеков да ата- бабаларынын салтын улап, 17-мартта жанданган кокон пешке көңүл бурбай, эли үчүн ак ниет иштеп, чечкиндүү кадамдарды жасап, өзүн таза эмес инсандардан оолак кармасын деп мен ушул макаламды жаздым.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости