www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасы "Мамлекеттик тил жөнүндө" федералдык мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда жактырды. Ага ылайык орус тили мындан ары "ашыкча чет тилден кирген сөздөрдөн" корголот. Бул тууралуу "Свобода" радиосу кабарлады.

Мыйзамга ылайык өкмөт сөздүк жана колдонмолор аркылуу сөздөрдү аныктап, тизмесин түзөт. Бул сөздүктөр мамлекеттик органдар, соттор, басма сөз, кино, жарнама сыяктуу тармактарда колдонула турган орус тилинин нормаларын жөнгө салат.

"Долбоор орус тилинде көп колдонулбаган аналогу жок сөздөрдү колдонууга жол бербейт. Аталган долбоор орус тилин ашыкча көп колдонулган чет элдик сөздөрдөн коргоого багытталган", - деп айтылат түшүндүрмөдө.

Мыйзам долбоорунда орус тилинин эрежесине жана нормасына шайкеш келишин караган милдеттүү лингвистикалык экспертизаларды өткөрүү үчүн нормативдик актыларды киргизүү да каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости