www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттардын ортосунда түтүн маселеси боюнча аткаминерлерди чакырып, отчетун угуу тууралуу талаш чыкты.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, регламент боюнча бүгүнкү жыйынга аткаминерлерди чакыруу мүмкүн эмес.

Депутат Дастан Бекешев регламенттин бир беренесин билген депутаттар экинчисин унутуп калганын билдирди.

«Ачык айталы: бул жерде 36га жакын депутат отурат. Жобого ылайык, электрондук система менен добуш берүүдө манжа издери же Face ID (бет таануу) иштеши керек. Регламенттин бул беренеси иштебейт, ошондуктан бирөө футбол ойнойт, бирөө жыйынга келбейт. Конституцияда ар бир депутат өзү үчүн добуш бериши керек деп жазылганы менен бири-бирине добуш берсе болот. Регламент иштебейт. А биз аны бузуп жаткандыктан, аягына чейин бузалы. Бүгүн аткаминерлерди чакыралы. Экологиялык маселелер бир эмес, бир нече жолу көтөрүлдү, анын ичинде комитеттерде дагы», — деди Дастан Бекешев.

Жыйынтыгында аталган сунуш добушка коюлуп, 61 депутат макулдугун берди. Жыйынга Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн да чакыруу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости