www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта 24 жаштагы келин ур-токмоктон улам көз жумду

Сокулуктун Новопавловка айылында 24 жаштагы келин токмоктон каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, маркум 11- декабрда аймактык ооруканага жеткирилип, травматология бөлүмүндө каза болгон.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, ыкчам иштер жүргүзүлдү. Сокулук РИИБдин ыкчам тобу тарабынан көп узабай 1992-жылы туулган В.А. кармалды. Алгачкы маалыматтар боюнча, маркум менен шектүү бир үйдө жашап жатышкан.

Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости