www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитетке оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный менен болгон окуяны текшерүү тапшырмасын берди.

«Орусияда чыңалган абал жаратуу жана бизди кезектеги жолу каралоо максатында башка мамлекеттер тарабынан орус жаранынын саламаттыгына зыян келтирүү аракети болгон-болбогонун аныктоо үчүн бул жагдай текшерилиши керек», — деди Володин.

Буга чейин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеф Боррель орус бийлигин Навальныйдын ыктымал ууланышы боюнча ачык тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырышкан.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Навальный кандай зат менен ууландырылганы аныктала электигин, мындан улам азырынча бул жагдайды иликтөөгө негиз жок экенин билдирген. Ал саясатчыны ууландыруу боюнча орус бийлигинин дарегине айтылган айыптоолорду четке какты.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.

Ал учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Саясатчынын тарапкерлери «Навальный дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат.

Омскидеги дарыгерлер Навальныйдын негизги диагнозу – «зат алмашуунун бузулушу» деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» экенин айтышкан.

22-августта саясатчы аялынын жана кесиптештеринин талабы менен Берлиндеги «Шаритэ» ооруканасына жеткирилген. Текшерүүдөн кийин немис дарыгерлери Навальныйдын канынан «холинэстераза ингибиторлору» деп аталган активдүү заттардын тобу табылганын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости