www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик экотехинспекция борбор калаада алты имарат мыйзамсыз түрдө курулганын аныктады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана алардын куруу иштерин токтотуу чаралары тынымсыз жүрүп жатканы белгиленет.

Натыйжада жеке жана юридикалык жактардан бир катар мыйзам бузулар аныкталган:

Юнусалиев көчөсү 139, "Имарат Прогресс" ЖЧКсы, 12 кабат турак жай, сотто каралууда;

Поваринская көчөсү 36 "Аалам Строй" ЖЧКсы, 10 кабат турак жай, Ленин райондук сотунда каралууда;

Тимур Фрунзе көчөсү 25, Курманжанова Э.Р. "Альянс Курулуш" ЖЧКсы, 4 кабат турак жай, Ленин райондук сотунда каралууда;

Сыдыгалы көчөсү – Актан көчөсү, Кадыров А., "Альянс Курулуш" ЖЧКсы, 9 кабат турак жай, Ленин райондук сотунда каралууда;

Гагарин көчөсү 242, "Алтын Ырыскы" ЖЧКсы, 9 кабат турак жай, Ленин райондук сотунда каралууда;

Ажыбек баатыр көчөсү 1/1, "Альянс Курулуш" ЖЧКсы, 9 кабат турак жай, Октябрь райондук сотунда каралууда.

Мамэкотехинспекция жогорудагы объектилердин инженердик түтүктөрү токтотулганын кошумчалады. Аны менен катар тиешелүү органдарга мыйзамсыз куруп жаткан ишканалардын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча кайрылуулар жөнөтүлгөнү айтылды.

Борбор калаадан кыймылсыз мүлк сатып алгандан мурда курулуп жаткан имараттын мыйзамдуулугу жөнүндө маалымат алуу үчүн Сүйүмбаев көчөсү, 16А дарегинде жайгашкан Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча региондор аралык башкармалыгына кайрылуу керектиги эскертилди.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости