www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биз Кыргызстанда талибандашуу кетип жатат деп эскерткенбиз", - дейт Ислам таануу илимий-изилдөө институтунун жетекчиси, теолог Маметбек Мырзабаев.

--"Талибдердин артында Пакистан турат дешет. Соңку жылдары Кыргызстандан ал жакка барып диний билим алып келгендер көбөйдү. Кыргызстанда тымызын талибдерди колдогон диний топтор бар.

“Талибандын” түпкүрүндө деобанд агымындагылар. Ошол деобанд аймагындагы миңден ашык медреселерден сабак алып келген кыргызстандыктар көп.

“Талибан” менталитетине ээ топтор жана жарандар бизде жок деп айтууга мүмкүн эмес. Соңку кезде Кыргызстанда туура эмес дин саясаты жүргүзүлүп, 15-20 жылда ошол “Талибандын” менталитетине ээ радикал топтордун бизде тамыр салганы белгилүү. Биз Кыргызстанда талибандашуу кетип жатат деп эскерткенбиз. "Алардыкына окшош көз караштагы адамдар көбөйүп жатат" деп да айтып келебиз. Ушундай шартта кооптонгонго толук негиз бар.

Деобанд медреселерин бүтүп келген көптөгөн жаштарыбыз бар, кээ бирлери молдо болуп, сабак берип да атышат. Кыскасы, ойлоно турган нерсе көп", - дейт теолог. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости