www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Талибдерден Ооганстанга үстөмдүк кылууну талашкан АКШ жана Орусия коркуп жатат", - деди бүгүн, 18-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.
- Турсунбай агай, талибан бийликти басып алгандан бери алар тууралуу оң тескери пикирлер айтыла баштады. Талибан кыймылы кооптуу эмеспи?
- Талибандан ким коркуп жатат? Биринчиден, Ооганстанга үстөмдүк кылууну талашкан АКШ жана Орусия коркуп жатат. Экинчиден, геосаясий оюнчулардын акчасы менен саясий, аскерий колдоосуна муктаж Ооганстандын кызыкчылыгын эмес, а жеке өзүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн саясатчылар жана уруу башчылары кооптонуп жатат. Үчүнчүдөн, опиум менен героиндин «корольдору», башка сөз менен айтканда - наркомафия коркуп жатат.
- Алар эмне үчүн коркуп жатышат?
- Биричниден, Талибан бийликти толугу менен ээлеп алса, анда алар башка өлкөлөрдүн айтканын кылбай, укпай, өзүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырат. Башка сөз менен айтканда - көз карандысыз саясатты жүргүзөт. Талибандын жетекчилиги ошон үчүн АКШ, Батыш Европа жана Орусиянын экономикалык жана финансалык жардамына кызыкпай, Кытай менен иш алып баруусун ачык айтып чыкты.
- Талибан кыймылы басып алган жерлеринде адилеттүү бийлик жүргүзө алабы?
- Ооба, Талибан мамлекетти толугу менен башкара алат. Аларда 1994-2011-жылдары топтогон мол тажырайбасы бар. Андан тышкары, чет өлкөлүк кожоюндардан жана тынымсыз согуштан тажаган, кыйналган эл Талибанды акыркы үмүт катары колдой башташты. Ооганстанда Талибандан бөлөк реалдуу саясий күч жоктугун бүгүн дүйнө боюнча баары моюнуна алышты жана алар менен эсептешүүгө мажбур болуп жатышат.
Чынында «Талибан» ким? 1917-жылы Орто Азияга большевиктер бастырып киришкенде аларга каршы чыккан биздин мекенчил, динчил ата-бабаларыбыздай эле! Бирок аларды «басмачы» деп 70 жыл элге жаман көрсөтүштү. Талибан кыймылы деле ошондой. Террорист деп мусулмандарды жаман көрсөткөн - жөөттөр менен каапырлар. Мисалы, ИГИЛ да ошолордун долбоору.
Талибдер - өзүнүн мекени, эли, дини үчүн күрөшкөндөр! АКШ алар менен күрөшүүнү пайдасыз, натыйжасыз көрүп, Ооганстандын өкмөтү менен аскерин таштап качышты. Кыргызстанды талибдердин аты менен элди коркуткан чагымчылардын да кереги жок! Андан көрө, коррупциядан, трайбализмди токтотуп, көрө албастыктан жана бөлөк ички душмандардан сактаналы!
Булак: NazarNews.kg