www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элибиз бизден тездик менен өнүгүүнү талап кылып жатат. Бирок эки жыл чыдап берсеңер өнүгүү жолуна түшөбүз. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Түштүк Корея, Малайзия, Сингапур сыяктуу мамлекеттер деле дароо өсүп-өнүгүп кеткен эмес. Ар бир нерсеге убакыт керек.

"Буюрса реформалар жүрүп жатат. Кыргызстан да өнүгүү жолуна түшөт. Эл бизден өтө тездик менен өнүгүүнү талап кылып жатат. Бирок андай болбойт экен. Кудай буюрса беш жылдын ичинде экономикалык жактан өнүгө баштоого жол ачылат. Эки жыл кыйналабыз, аны элге ачык айтыш керек. Эки жыл чыдап берсеңер, үчүнчү жылы туура жолго түшкөнүбүздүн жолу көрүнөт. 10 жылдан кийин алдыңкы өсүп-өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулсак, 15-20 жылдан кийин алдыңкы 10-15 мамлекеттин катарында болуп калабыз", — деди ал.

Абыкеев президент Садыр Жапаров жеке кызыкчылыгын ойлобой турганын айтып, өлкөнү гүлдөп-өнүктүрүү үчүн күнү-түнү иштеп жатканын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан жакын арада өсүп-өнүгөт деген ишенимин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости