www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Урмат Кожомбердиев Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-майда өлкөнүн башкы сотунун жетекчиси Гүлбара Калиева Кожомбердиевди Сот департаментинин эмгек жамаатына тааныштырганын билдирди.

42 жаштагы Урмат Кожомбердиев Мамлекеттик каттоо кызматына жумушка орношконго чейин 2002-2012-жылдар аралыгында Сот департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости