www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-март-Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу Кыргызстандын айымдары! Жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-Март- Айымдардын эл аралык майрамы менен Ички иштер министрлигинин жалпы өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Март майрамы узак кыштын күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көнүлүбүздү ачат, жашоого дем берет. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем.
Өлкөнүн соңку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип чыкты. Маданият менен искустводо, кол өнөрчүлүктө, спортто албан ийгиликтерди жаратып жаткан айымдарыбыздын калың катары өсүп чыкты. Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч-аялзат!
Бүгүн Сиздер үчүн өзгөчө күн. Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы, үй-бүлөдөгү бакубаттык – сиздерге улуу белек. Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмайуу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм! Сиздерге бекем ден-соолук, узак өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Майрамыңыздар куттуу болсун!", - деп жазылат куттуктоо.
Булак: NazarNews.kg