www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркияга барды. Аталган иш сапардын алкагында Анкара шаарында Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөр өттү, муну менен катар Улуу улуттук жыйындын төрагасы Мустафа Шентол менен жолугушуу пландалууда. Ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-форуму өтөт. Мындан тышкары, президент Анкара шаарында окуган жана иштеген кыргызстандык жарандар менен жолугушуусу пландалууда.

Түркия көптөн бери республиканын жакшы өнөктөшү болуп келет, бирок кандай мамиле болбосун колдоп, аны жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл. Мамлекет башчылары көптөгөн маанилүү учурларды жана Кыргызстан менен Түркиянын өз ара аракеттеринин келечегин талкуулашты. Башынан эле Жапаров менен Эрдогандын жолугушуусу тет-а-тет форматында өтүп, анын жүрүшүндө өлкө башчылары бир катар маанилүү маселелерге токтолушту.

“Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттеди талкуулашты.

Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин алкагында кызматташтыктын артыкчылыктарын жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында мурда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланды. Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров жана режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышты”, — деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жыйыны Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн маанилүү аянтчасы жана механизми болуп саналат деп белгиледи.

Ал бул багытта иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Үстүбүздөгү жылы 8-9-июлда Чолпон-Ата шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги 10-жыйыны өткөрүлөт. Анын алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлөт.

“Түркия Кыргызстантын тышкы соода жүргүртүсундө өзгөчө орунду ээлейт, бирок эки өлкөнүн ортосундагы товар айландырууну 1 млрд АКШ долларына жеткирүү менен кызматташтыкты активдештирүү керек”, — деди Жапаров.

Экономикалык активдүүлүктү жакшыртуу үчүн эки өлкөнүн ортосундагы байланышты өнүктүрүү зарыл. Ушуга байланыштуу көтөрүлгөн маселелердин бири логистика болду.

Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы аба каттамдарынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жарандык авиация уюмдарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын айтты. Түркиянын авиакомпанияларын Бишкек шаарындагы эл аралык «Манас» аэропортун Азиядагы транспорттук-логистикалык борбор катары колдонууга чакырды. Бул долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген режимге кепилдик берилет.

Муну менен катар тараптар маданий маселелерге дагы токтолушту.

“Кыргызстан менен Түркия отуз жылдан бери эл аралык күн тартибинде турган актуалдуу маселелерге карата бирдей көз караштарды күтүп, орток баалуулуктарды бекем тутуп келет. Кыргызстан ар дайым эл аралык дипломатиялык мамилелерди бекем сактап, Түркия менен болгон достук жана бир туугандык карым-катнашка аяр мамиле жасайт деп ишендирип кетем”, — деди президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле кызматташтыкты бекемдөө үчүн бир катар документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы протокол жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү.

Жолугушуунун маанилүү учурларынын бири президент Жапаровдун Кыргызстан менен Түркиянын мамилелерин өнүктүрүүгө байланыштуу өзүнүн позициясын билдиргени болуп саналат.

“Кыргызстан кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган жаңы кадамдарга даяр”,-деп билдирди Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчуг билдирүү жасоо учурунда.

Мамлекет башчысы анын Түркия Республикасына КР президенти катары алгачкы иш сапары эки өлкө үчүн тең жемиштүү болгонун баса белгиледи.

«Быйыл Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Ага удаа эле кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелерине да 30 жыл толот. Түрк мамлекети Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандыгын, достук мамилелердин жогорку деңгээли 30 жыл бою бекем сакталып келе жатканын баса белгилейм. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууда көрсөтүп келе жаткан баа жеткис колдоосу, материалдык-экономикалык жана моралдык-гуманитардык жардамы үчүн Түркия Республикасына жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем», — деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости