www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 9-июнда өкмөткө адам укуктары тармагында биринчи кезекте аткарылууга тийиш болгон чаралардын планын аныктап, бекитүүнү тапшырды. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Жарлыкка ылайык, план БУУнун органдары менен өз ара аракеттенишүү механизмдерин жакшыртуу, адам соодалоонун курмандыктарынын укуктарын камсыздоо, майыптыгы бар кишилерди коргоо, аялдарды кемсинтүүнү жоюу чараларын камтууга тийиш. Мындан башка биригүү эркиндиги, пикир билдирүү укугу, өмүр сүрүү укугу жана коомдук тартип, өкмөттүк эмес уюмдар менен өз ара ишмердүүлүктү арттыруу, түрмөлөрдө кыйноо жана катаал мамиле жасоонун алдын алуу камсыздалышы керек

Казак президенти өкмөттү жыл сайын 25-январга карата ушул пландардын аткарылышы боюнча отчет берүүгө милдеттендирди. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости