Өмүрбек Бакиров: "Коопсуз шаар" долбоору бизнес жасай турган программа болуп жатат"
Саясат  |   |  753

Депутат Өмүрбек Бакиров "Коопсуз шаар" долбоору бизнес жасай турган программа болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Эртеден бери "Коопсуздук шаар" долбоору боюнча сөз болуп жатат. Бул "Коопсуз шаар" долборунун "ш" тамгасына окшобой жатат. Бул долбоор бизнес жасай турган программа болуп жатат. Карапайым элден айып пулдарды чогултуп жатышат. Бардык жерде камералардын системасы бир болуш керек. Ошондо кылмыштуулук 2 мүнөттө ачылат", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями