www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет лотерея ойнотууга киришти

Мамлекеттик лотерея компаниясы “Кыргыз лото” бренди менен “Ала-Тоо” деп аталган тираждык лотерея чыгарып, кымбат баалуу автоунаа, баалуу буюмдарды жана акчалай сыйлыктарды ойноткону жатат. Лотерея 100 сомдон өлкөнүн бардык аймактарында сатылууда.

Мамлекеттик лотерея компаниясы 2016-жылы өкмөттүн токтому менен түзүлгөн, “Лотерея жөнүндө” мыйзамдын алкагында иш алып барат. Ишкананын ишмердигинен түшкөн каражат спорт, маданият, билим берүү, илим, искусствону өнүктүрүүгө жумшалат. Мыйзам кабыл алынып, мамлекеттик компания түзүлгөндөн бери жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынган.

Мамлекет тарабынан лотерея оюнун жүргүзүү буга чейин да болгон, бирок ал ийгилик алып келген эмес. 2008-жылы Бишкектин мэри Данияр Үсөнов муниципалдык “Бактылуу лотерея” оюнун уюштурган. Аны Д.Үсөнов “бул өзүнчө бир элдик көзөмөл системасы” деп атап, көмүскө ишкердик менен күрөшүү, шаардын кирешесин артыруу максатын көздөөрүн жарыялаган. Көп өтпөй ал чуу менен коштолуп, контрабандалык билеттер да рынокко чыгып кеткендиктен, токтоп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости