www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Долбоор 2022-жылы башталган. Эки жылда ага республикалык бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

 "Социалдык келишим" долбоору негизделгенден бери өлкөдөгү 8 500 үй-бүлө мамлекет менен келишим түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Эске салсак, аталган программа боюнча социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр чакан бизнес баштоо үчүн мамлекеттен 100 миң сомдон ала алышат.

Келишим түзгөндөрдү аймактар боюнча бөлүштүргөндө ал төмөнкүдөй:

Баткен облусу – 585 үй-бүлө;

Жалал-Абад облусу – 1915 үй-бүлө;

Ысык-Көл облусу – 826 үй-бүлө;

Нарын облусу – 820 үй-бүлө;

Талас облусу – 915 үй-бүлө;

Чүй облусу – 821 үй-бүлө;

Бишкек шаары – 101 үй-бүлө;

Ош облусу – 2422 үй-бүлө;

Ош шаары – 95 үй-бүлө.

2022-жылы башталган долбоорго республикалык бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости