www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж Олимпиадасында кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков коло медал утту. Ал 7-августта грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.

Балбан беттештен кийин журналисттерге маек берип, күрөшөрдө алсыраганын жана сөздүн ачыгы бизде  диетолог, психолог жок деп ачык эле айтты.

"Кечээ күрөшөрдө алсырадым.Эмнеге экенин билбейм. Балким мен туура эмес тамак жедимби же жергиликтүү тамак туура келбей калдыбы алсырадым. Бүгүн эртең менен америкалык менен болгон күрөштө мен чарчаңкы болдум. Түштөн кийин өзүмдү жакшы сезип калдым. Азыр жакшымын.

Даярданып жатканда чучук жеген кооптуу. Ал күчтүүрөөк. Ичти алып коюшу же аш кыла албай калышың мүмкүн. Жеңил эле тамак жеш керек. Балыгын туура эмес жедимби, билбейм, тамак-аш жакпай калды.

Бизде сөздүн ачыгы диетолог, психолог жок. Диетолог, психолог балдар, машыктыруучулар өздөрү болуп калган, ага да каражат керек да. Мындай адистер башка мамлекеттерде бар. Биз көбү намаз окугандыктан психологиялык жактан жакшыбыз. Бардык нерсе Кудайдан деп шүгүр кылып коебуз.

Килемде эмоциялар бир аз чыкты. Бул жерге баары чемпион болуш үчүн келишет. Баары эле финалга чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретүүнү каалайт. Кечээ мен ирандыкка утулуп калдым, болору болду. Машыктыруучулар менен кийинки оюндарга кандай даярданабыз аны сүйлөшөбүз. Эмнегедир көп ката кетирем, тактикалык жактан көптөгөн атаандаштарга утулуп калам. Биз муну оңдошубуз керек. Ушул боюнча иштесем, кийинки Олимпиадада буюрса чемпион болобуз",-деди балбан. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости