www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын биринчи жарымында Баткенде чакан 40 жаңы ишкана ачылып, 273 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, алты ай ичинде мамлекеттик, жеке менчик мекеме-ишканаларда, өнөр жай, анын ичинде кен казуу, айыл чарба тармактарында жалпысынан 2 382 жумуш орун түзүлгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 413кө көп.

Жаңы ачылган 40 ишкананын ичинен 20сы өнөр жай продукциясын өндүрсө, төртөө айыл чарба продукциясын чыгарат. Жетөө айыл чарба продукциясын кайра иштетсе, алты ишкана ар кандай кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары, үч жаңы соода борбору ачылган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости