www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кызылордо облусунда браконьерлер 5 млрд. теңге (11 млн доллардан ашык) зыян келтирүүгө айыпталып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, 8-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин Кызылордо боюнча департаменти облустук прокуратура менен биргеликте бөкөндөрдү мыйзамсыз кармаган жана мүйүздөрүн саткан кылмыштуу топту колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзгөн. Анын алкагында криминалдык схеманы уюштурган эки киши кармалган. Алардан жалпы салмагы 500 килограммга тете бөкөндүн 2347 мүйүзү алынган. Бул үчүн браконьерлер 1174 бөкөн өлтүрүшкөн. Мамлекетке келтирилген чыгым 5 млрд. теңге деп бааланган.

Шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып, камакка алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости