www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Ош шаарынын туристтик бренди иштелип чыкты

Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча Ош шаарынын бренди иштелип чыкты. Бул туурасында калаа мэриясы билдирди.

Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча Ош шаарынын бренди иштелип чыкты - Sputnik Кыргызстан

Бүгүн, 17-декабрда, мэр Алмаз Мамбетов шаардын брендин презентациялаган - Sputnik Кыргызстан

Бүгүн, 17-декабрда, мэр Алмаз Мамбетов шаардын брендин презентациялаган. Ага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтик компаниялар жана тургундар катышты.

Туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн. Анын ичинен россиялык дизайнер Михаил Чулиндин эмгеги жактырылган.

"Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен чыгат. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, калаанын символу болгон Сулайман-Тоо, жарым Ай жана жылдыз камтылган. Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Мамбетов мэрлик кызматка келгенден тартып Ош шаарын туристтик аймакка айлантуу максатын койгонун айтып, бул алгачкы кадам болгонун белгиледи.

Иш-чарада туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости