www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкендин Чиланзар райондук соту Өзбекстандын кинематография агенттигинин башкы директору Фирдавс Абдухаликовдун иши боюнча өкүм чыгарды.

21-февралда кабыл алынган сот чечимине ылайык, Абдухаликов Административдик кодекстин "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды бузуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 100 000 сум (750 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

24-январда Өзбекстандын коррупцияга каршы күрөшүү мекемеси Фирдавс Абдухаликов сериалдарды сатып алуу үчүн бөлүнгөн 8 миллиард сум өлчөмүндөгү мамлекеттик субсидияны аялына, кызына жана баласына таандык компанияларга которгонун кабарлаган.

1-февралда ага административдик укук бузуу боюнча айып тагылып, иши Чиланзар райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости