www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр июлда кабыл алынып, президент августта кол койгон «Анык эмес маалыматтан коргоо» мыйзамынын алкагында Маданият министрлиги аны аткаруу механизмин талкууга койду. Кайсы болбосун адам же кандай болбосун уюм – кайсы бир маалымат ага жакпаса, аны интернет-сайттан алып салуу талабы менен кайрыла алат. Андан ары бир топ иштер жасалууга тийиш.

Мурда мындай маселелер сот аркылуу чечилип келген жана биринчи эле жыйында сот – маалыматты алып салуу чечимин чыгарчу. Бирок эки маселе болгон – доо арызды кабыл алуу көпкө уланып кетиши мүмкүн эле. Экинчиден, интернет маалымат каражаты болуп эсептелбегендиктен, соттор ишти карабай да коюшу мүмкүн болчу.

Бул мыйзам – ошондой иштерди ылдамдатуу максаты менен кабыл алынган, бирок Маданият министрлиги сунуштаган механизм өтө деле ылдам эмес, ал эми кимдир бирөөнү каралаган маалымат эл арасында 2-3 күндө кеңири тарап кетиши мүмкүн. Анткен менен, кандай болбосун иштерди качан болбосун бийлик кана ылдамдата алат, ошондуктан бул мыйзам бийлик үчүн гана пайдалуу.

Последние новости