www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын сентябрь айында “Фирма АКIF” (АКИФ) ЖЧКсынын учредителдери Президентке, Башкы прокуратурага, Премьер-министрге кат менен кайрылып, алардын көңүлүн бир топ кишилер тарабынан мамлекетке эбегейсиз, ири өлчөмдө зыян келтирилгендигине, КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат(финпол) АКИФ фирмасына байланыштуу иштерди иликтөөнү создуктуруп жаткандыгына бурдук эле.

Ноябрь айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2013–2016-жылдары АКИФ фирмасынын айланасында болгон окуяларга юридикалык баа берген чечими мыйзамдуу күчүнө кирди. Анын негизинде АКИФ чындап эле Майсызов жана Аблямитова башында турган бир топ киши тарабынан рейдерлик басып алууга дуушар болгону аныкталды. Мыйзамдуу күчүнө кирген бул сот актыларын көзгө илбей койгонго мамлекеттик бийликтин бир да органынын укугу жок, ошондуктан, кылмышкерлердин бир гана айласы — ​тергөөнү эптеп создуктуруу калды. Биздин баамыбызда, каржы полициясынын жетекчилиги буга ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.

Ушул жылдын декабрь айында таң калыштуу окуя болду. Ноябрь айынын этегинде биз тергөө органдарынын көңүлүн “Альфа Бест” ЖЧКсынын АКИФке талап кылуу укугун Р. Ж. Кузекеевге берүүгө байланышкан жагдайды кылдат изилдеп чыгуу зарыл экендигине буруп, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ири өлчөмдөгү салык төлөбөө фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз жазган элек.Анткени, Кузекеевдин өкүлү 2018-жылдын январында райондор аралык сотко документтерин өткөрүп, анда Кузекеев талап кылуу укугуна ээ болуш үчүн Альфа Бестке 2 млн 400 миң доллар нак акча төлөгөнү көрсөтүлгөн. КР салык кодексине(316-берененин 1- бөлүгү)ылайык, юридикалык тарапка төлөгөн кезде 2 пайыз салык алынат. 2 млн.400 миң доллардан бул салык 48 миң АКШ долларын түзөт.Биз анык билебиз, Альфа Бест бул салыкты, дегеле эч кандай салыкты төлөгөн эмес.Мына ушул жагдайларды такташ үчүн С. В. Фишенко менен “сделка” жасалган учурда Альфа Бесттин жападан -жалгыз ээси жана башкы директору болуп эсептелген Т. Р. Аспековду бетме -бет кездештирүүнү суранганбыз. Адвокаттын бир аз маалкатуусунан кийин 2018-жылдын 4-декабрында Аспеков менен Фишенконун ортосунда бетме-бет кездешүү болуп өттү. Беттешүү өтүп жатканда тергөөчүнүн кабинетине финполдун төрагасынын орун басары С. Т. Адылдаев кирди да тергөөчүлөргө бирин-экин суроолорду берген болуп, Аспековдун адвокаты Эльмира Умарова менен жылуу учурашты.Жолугушуу учурунда Аспеков “компания али киреше таба электигине байланыштуу нулевой отчеттерду” берип жатканын” билдирди.Андан соң Фишенконун суроолоруна жооп берип, “экономист-бухгалтер” адистиги боюнча жогору билими бар экенин, Кузекеевден келишим боюнча чындап эле 2 млн 400 миң АКШ долларын алганын айтты.Бул акчаларды Альфа Бесттин кассанына өткөрдүңүзбү, Альфа Бест ал акчадан тиешелүү салык төлөдүбү деген суроого Аспеков сөзмө сөз мындай деди: ”Азыр ооруп жатканыма байланыштуу мен бул суроого жооп бере албайм”. Башкача айтканда, Аспеков өзүнүн ишканасынын кассасына 24 килограмм АКШ долларын төккөн төкпөгөнүн, мамлекеттин пайдасына 3 млн 300 миң сом салыкты төлөгөн төлөбөгөнүн айта албайт.

Чынын айтканда, биз бул факты боюнча каржы полициясы тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого багытталган ылдам жана катуу чаралар көрүлөт деп күткөнбүз. Биз арыз менен кошо тапшырган документтер, көзмө көз жолугушуунун протоколу, Аспековдун өзүнүн моюнга алуусу текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогонго жетиштүү негиз болуп берек. Бирок, каржы полициясынын болгон чарасы — ​тергөөчүнү башка кылмыш ишин иликтөөгө жөнөттү, АКИФтин бардык иштерин жаңы тергөөчүгө, башка бөлүмдүн, кызматтык кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнө өткөрүп берди.

Каржы полициясынын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы кылмыш жасалды деген маалыматка карата жасаган мындай реакциясын өз милдетин аткарууга түздөн-түз саботаж жасоо дегенден башка кантип баалоого болот? Азыр алар Аспековго өзүнүн кылмыштарынын изин жашырып, же тергөөдөн жөн гана качып кетүүсүнө убакыт берип жаткандай сезилет. Анан бизге шектүү изделип жаткандыгына байланыштуу иликтөөнү белгисиз мөөнөткө токтотуу керек деп айтуулары мүмкүн. Кудайга шүгүр, 2019-жылы 1-январда жаңы Кылмыш Кодекси жана Кылмыш жазык кодекси ишке кирет. Аспеков качып кеткен күндө да ал өзүбүздүн жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргообуз үчүн бизге көп укуктарды берет, биз ал укуктарыбызды сөзсүз колдонобуз. Эгер каржы полициясы өлкөнүн кызыкчылыгын коргогусу келбесе, бул ишти биз, жабырлануучулар өзүбүз жасайбыз.

Президентибиздин түздөн-түз көрсөтмөсү боюнча АКИФтин иши бул жылы эки жолу Коопсуздук Кеңешинин жана Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынды. Президентке жолдогон, анын көзөмөлүнө алынган акыркы кайрылуусунда АКИФтин өкүлдөрү Башкы прокуратуранын түздөн-түз көрсөтмөсүнө карабастан, тергөө органдары үстүнөн растрата жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмыш иши козголгон АКИФтин мурдагы убактылуу администратору Тороковдун иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүү зарылдыгын этибарга албай жатышат. Бул фигурантка карата бир да тергөө аракеттери жүргүзүлгөн жок.

АКИФ фирмасынын учредителдери

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости