www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кашкар мырза, акыйкаттык кылыңыз!

Биринчи Көчмөндөр оюну уюштурулат деп 2014-жылы Чолпон-Ата шаарындагы ипподром даяр болбой, ал оюндарга бир ай калганда Эркин Мергенбаев деген патриот-курулушчу мекендин намысын сактап, ипподромду бүтүртүп берген. Тилекке каршы, ал кишини орден менен ардактагандын ордуна, Атамбаевдин бийлиги Сапар Исаковдун буюртмасы менен Мергенбаевди өзүн камаганга аракет кылышкан. Бирок, баардык экспертизалар ал кишинин пайдасына чыккан.

Эсеп Палатасы дагы “бүт баары мыйзамга ылайык” деген корутунду чыгарып бергенине карабастан, Мергенбаевди соттоп, ал 47-түрмөгө алты жылга кесилет. Ден- соолугу бузулуп, бир канча жолу ашказанына операция жасатууга туура келет. Ушуну элестетиңиз, кымбаттуу замандаш, эмгекчил-чынчыл адамды ошол операция учурунда дагы кишендеп, рецидивист-канкордон беш бетер жаткан “койкасына” байлап коюшканын.

Кудум гестаподогудай эле мыкаачылык орун алып атканын көрсөк болот. Жаңы эле ушул айдын башында Эркинбек Мергенбаев колония-поселениеге чыгып, ден-соолугун оңдоп баштап атса, анын үстүнөн кайра иш козголуп, ИИМ тергөөчүсү Айбек Сыдыков суракка тартып баштаптыр.

Эми ал 2014-жылы ипподром эчак эле бузулган, ага 87 миллион гана сарпталганын эске алсак, каяктан жаңы экспертизалар чыкмак эле? Эмне үчүн анын ордуна 1.5 миллиард сомго былтыр курулган ипподромду текшерүүгө алышпайт? Азыркы учурда бир канча депутат ички иштер министрине кайрылып, Мергенбаев агабызга өчөшкөн тергөөчү Айбек Сыдыковдун бул иштен четтетилишин жана калыстыкты камсыздоону талап кылышканын эшиттик.

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости