www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент тууралуу сөз болгондо эле, дароо анын Максим Бакиевдин жерине салып алган жаңы хансарайы деп айтылат. Оо-оо экс-президенттин бул жаңы үйү көпчүлүктүн көзүн кызартары турган иш. Канчалаган саясатчылар ушундай үйдү бизге деле Кудай буйруса не деп шилекейин агызды. Бирок, Атамбаевге саясатчылардын суктанганы эмес, коомчулуктагы үйү тууралуу айтылып жаткан сөздөр катуу тийип жатканы болууда.

Бул тууралуу өзү дагы маегинде сөз кылбадыбы. Уккан кулакта не айып. Укканыбызды айтабыз да. Экс-президент жакын адамына “Эгер бийлик ушул үйгө асыла берише турган болсо, балдар үйүнө өткөрүп берип салам. Буга дух жетет…” деп айтканын эшиттик. Жаңы хансарайды ансыз деле балдар үйүнө айлантыш керек деген пикир коомчулукта арбып баратпайбы. Атамбаев өзү айткандай үйүн балдар үйү кылып берип салганга духу жетеби?

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости