www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өлтүрүү фактысы боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөр Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Россия Федерациясынын аймагында жасалган оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган эки жаран кармалды.

Азербайжандын жана Россиянын жарандары 2000-жылы туулган Э.А. жана 2001-жылы туулган И. А. отуз алты жаштагы эркектин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүрүшкөн.

Кылмыш иши Россия Федерациясынын Ханты-Мансийск автономдуу округу – Югра боюнча тергөө органдары тарабынан иликтенүүдө. Маалыматтарга караганда, 2024-жылдын 28-августуна караган түнү Россия Федерациясынын Сургут шаарында бычак менен куралданган жогоруда аталган адамдар 1988-жылы туулган А.С. аттуу жаранга 100дөн ашык жаракат келтирген. Алган жаракатынан улам жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган. Шектүүлөр кийин издерин жарышып, качып кетишкен.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына башка мамлекеттин аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган башка мамлекеттердин жарандарынын жүргөн жери тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Издөөдө жүргөндөр борбор калаанын кичи райондорунун биринде ижарага алынган батирде жашынышкан.

Учурда кармалган адамдар камакка алынды.

Последние новости