www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 6-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун Ички иштер министрлеринин кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумдун ишине Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков, Азербайжан Республикасынын ички иштер министри Вилаят Эйвазов, Казакстан Республикасынын ички иштер министри Эржан Саденов, Түркия Республикасынын ички иштер министри Али Ерликая, Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри Пулат Бобожонов, андан сырткары Түрк мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Отурумдун жүрүшүндө, Кыргызстандын ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, Кеңешменин аталышы “Түрк өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин уюму” деп аталганын айтып, уюмдун түпкү максатына токтолду.

 “Биз ынтымакты түптөп, достукту бекемдеп, биртуугандык мамилени чыңдап, элибиздин коопсуздугун бийик деңгээлге көтөрөлү, ар түрдүү коркунучтарга каршы бирге туралы дегенибиз.

Биздин уюмубуз кайсы бир өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылууга же кандайдыр-бир саясий мүнөзгө ээ эмес.

Максатыбыз – коопсуздукка байланыштуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү ыкмаларын замандын талабына жараша калыптандырып, коркунучтарга ыкчам бөгөт коюу болуп саналат.

Багытыбыз – өзүбүздүн коопсуздук көйгөйлөрүн чечип эле чектелбестен, бири-бирибиз менен бекем мамилени түзүп, өз-ара аракеттерди жүргүзүп, достук, биртуугандык алака менен биргелешкен иш-чараларды алып баруу болуп эсептелет.

Уюмубуздун өзгөчөлүгү - кылмыштуулукка каршы күрөшүп, эл аралык кылмыштуу топторго бөгөт коюудан тышкары, коопсуздукту бекемдөө, жогорку деңгээлдеги кадрларды окутуп, даярдап, жаңы бийиктиктерге жетүү принцибин көздөйт.

Артыкчылыгы - тажрыйба алмашуу, өз-ара маалымат алмашуу, заманбап санарип тутумун жайылтып, бири-бирибизге болуп көрбөгөндөй жогорку ишеним көрсөтүү. 

Эң башкысы – өлкөбүздүн тынчтыгын бекем сактап, эли-журтубузга коркунучу жок жашоо-шартын калыптандырып, ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди татыктуу ишке ашыруу болуп саналат”,-деди Улан Ниязбеков.

Бүгүнкү кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды:

1. Түрк мамлекеттеринин уюмунун Ички иштер министрлеринин кеңешмесин жылына кеминде бир жолу өткөрүп туруу;

2. Министрлердин кеңешмелерине даярдык иштерин жүргүзүү, ошондой эле министрлердин чечимдерин ишке ашырууга көмөктөшүү жана координациялоо үчүн министрликтердин эл аралык кызматташтык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган эксперттик-техникалык деңгээлдеги жумушчу топту түзүү; 

3. Кызматташтыктын алкагында тажрыйба алмашуу, билим берүү, техникалык жана академиялык чөйрөлөрдө өз ара колдоо көрсөтүү, эки тараптуу тажрыйба алмашуу иш сапарларын жана жолугушууларды колдоо жана уюштуруу; 

4. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн катышуучуларынын арыздары боюнча макулдашылган иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоо;

5. Улуттук мыйзамдарга жана алардын мамлекеттери тараптары болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерге ылайык өз компетенциясынын алкагында кызматташууну өркүндөтүү.

Ал эми, Түрк мамлекеттеринин уюмунун Ички иштер министрлеринин экинчи кеңешмеси 2025-жылы Азербайжан Республикасында өткөрүлөт. 

Кеңештин биринчи отурумунун жыйынтыгы менен Декларацияга кол коюлду. 

Последние новости