www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мас айдоочу менен жүргүнчү кайгуул кызматкерлери менен мушташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда болжол менен саат 22:30 чамасында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Махатма Ганди көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан "Ниссан-Примера" унаанын айдоочусу мас абалда экенин байкашкан.

Бирок, аталган унаанын айдоочусу кызматкерлердин Республикалык наркологиялык борборуна баруу тууралуу мыйзамдуу сунушуна баш ийбей, өзүн агрессивдүү көрсөткөн учурда кайгуул кызматкерлери тарабынан күжүрмөн самбо ыкмалары колдонулган.

Ошентип, айдоочуну текшерүүнүн жыйынтыгында алкоголдук ичимдик ичкени аныкталып, аларга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин "Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууну өткөрүп берүү" беренесине ылайык протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары, айдоочунун жанындагы жүргүнчүгө карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, соттун токтому менен 3 күнгө камакка алынды.

Последние новости