www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлиги Афганистандагы «Талибан» кыймылы Кыргызстанда террордук уюмдардын катарынан чыгарылганын билдирди.

ТИМден белгилешкендей, өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин «Талибанды» Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алган.

«Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргызстан эл аралык коомчулуктун Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылууга багытталган күч-аракеттерин колдойт», -деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, «Талибан» Кыргызстанда 2006-жылы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп табылган.

2021-жылы августта «Талибан» Афганистандагы бийликтин башына келген. Сентябрь айында Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам жөнөткөн. Кыргыз делегациясын жетектеп барган Коопсуздук кеңешинин төрагасынын ошол учурдагы орун басары Таалатбек Масадыков «Талибан» кураган өкмөттүн мүчөсү, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушуп, сүйлөшүү өткөргөн.

Последние новости