www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте Агенттиктин директору Э.Н. Жантаев Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) туруктуу өкүлү Александра Соловьева айым менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Жолугушууда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, санариптик трансформация жана кадрдык потенциалды чыңдоо маселелери талкууланды.
Э.Н. Жантаев административдик-аймактык реформанын ийгиликтүү ишке ашырылышын, жергиликтүү кеңештердин ишин өркүндөтүү үчүн ченемдик жана методикалык документтердин иштелип чыкканын, ошондой эле депутаттар, айыл өкмөт башчылары жана аял жетекчилер үчүн кадрларды даярдоо программалары жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
А.Соловьева (ПРООН) Агенттиктин жергиликтүү башкарууну жана социалдык биримдикти бекемдөөгө багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалап, уюмдун колдоосу 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында ишке ашырыларын билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы иши натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, климаттык туруктуулук жана жашыл, инклюзивдүү, санариптик өнүгүү багыттарын камтыйт.
Тараптар аймактарды санариптештирүү, «Санарип аймак» тутумун өнүктүрүү, кадрларды тандоо жана баалоо механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле тынчтыкты жана диалогду илгерилетүү боюнча биргелешкен демилгелерди кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.