www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге борбор калаадагы бир катар маанилүү инфраструктуралык объекттерди жеринен барып көрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Кыдыруунун жүрүшүндө Манас проспектинин бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору каралып, анда жол түйүнүн куруу жана Медеров көчөсүн Ала-Арча суусунун жээги менен улантуу каралган. Ошондой эле Табалдиев көчөсүн ачуу пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылдын жаз айларына белгиленген. Иштер аяктагандан кийин Медеров көчөсү Манас проспектисине чейин толугу менен эки тилкелүү болот.
Шаар башчысы курулуш иштеринин жүрүшүндө транспорт кыймылы үчүн альтернативдүү багыттарды алдын ала иштеп чыгууну, суу коргоо зонасында жайгашкан объекттерди текшерүүнү жана бул аймактагы турак үйлөрдүн таяныч планын даярдоону тиешелүү кызматтарга тапшырды.
Андан соң мэр «Бишкексвет» муниципалдык ишканасына барып, тышкы жарыктандыруу мамыларынын ар кандай өндүрүүчүлөр тарабынан сунушталган үлгүлөрү менен таанышты. Кароонун жыйынтыгында Кытай Эл Республикасында өндүрүлгөн, бийиктиги 8,5 метр болгон мамылар тандалды. Ушундай эле мамылар Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө орнотулган. Айбек Джунушалиев парктарды, скверлерди жана эл көп чогулган жайларды сапаттуу жарыктандырууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Ошондой эле мэр Кронштадтск көчөсүнүн участогун көрүп чыгып, анда Мессарош көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин жолду улантуу пландалып жатканын айтты.
Васильев трактындагы санитардык бутак кыркуу иштерин текшерүүнүн алкагында жол четиндеги бордюр бөлүгүн тазалоо, бак-дарактардын таажысын көтөрүү жана келечекте жарыктандыруу мамыларын орнотуу үчүн шарттарды түзүү боюнча тапшырмалар берилди. Азыркы учурда бул аймакта «Бишкек жашыл курулуш» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынан 60 кызматкер иш алып барууда.


















