www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутатынын билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана коомчулукту, массалык маалымат каражаттарын жаңылыштыкка алып келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, Жогорку Кеңештин депутаты Бишкек шаарынын Свердлов администрациялык району боюнча 2024–2025-жылдарга пландаштырылган иш-чаралар, анын ичинде долбоорлоо-сметалык документациялар, капиталдык курулуш объектилери, социалдык жана инженердик инфраструктуралык долбоорлор, алардын каржылоо булактары, аткаруу мөөнөттөрү, кабыл алынган сунуштардын саны, ошондой эле бекитилген титулдук тизме жана 2026-жылга карата каралган долбоорлор боюнча расмий маалыматтарды сураган.

Бишкек шаарынын мэриясы депутаттын суроосуна ылайык бардык зарыл маалыматты толук көлөмдө жиберген.

2026-жылдын 26-январында парламенттин жыйынында Улукбек Карыбек уулу төмөнкүлөрдү билдирген:

«Ак-Жар» жаңы конушу бар, анда 15 миң адам жашайт. Бул райондун үч конушунун балдары билим алуу үчүн шаарга барышат. Мэриянын расмий жообунда «Ак-Бата» конушунда 600 орундуу мектеп курулган жана балдар ошол мектепке барат дешет. Эгер ошондой болсо, анда алар (мэрия) өлкө жетекчилигин, калкты жана депутаттарды алдаган болуп чыгышат».

Ошол эле учурда, Улукбек Карыбек уулу «Ак-Жар» конушундагы балдардын кайсы мектепте окуй турганы жана «Ак-Бата» мектебинде канча окуучу бар экендиги тууралуу суроо көтөргөн эмес.

«Ак-Бата» конушунда 620 орундуу мектеп курулуп, пайдаланууга берилген. Бүгүнкү күндө мектепте 48 класс бар жана жалпы 1 735 окуучу билим алууда. Алардын 260 окуучусу (5-6-класстар) эски имаратта окуйт. Окуу процесси эки нөөмөттө уюштурулган. Биринчи нөөмөт - 08:00дөн 13:00гө чейин, экинчи нөөмөт - 13:30дан 18:30га чейин.

Мындан тышкары, «Ак-Жар» конушу мыйзамсыз түрдө жерлерди басып алуу менен пайда болгон, азыркы учурда бул аймакта мектеп курууга бош жер аймактары жок. Мэрия учурда бул маселени чечүү үчүн бир нече варианттарды карап жатат.

Бул маселе 2026-жылдын 23-январында Ак-Бата конушунун тургундары менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда өткөн жолугушууда да талкууланып, жарандар тарабынан Аламүдүн району менен чектеш аймакта мектеп куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу айтылган. Бирок учурдагы мыйзам боюнча муниципалитет Бишкек шаарынын чегинен тышкары объекттерди куруп бере албайт.

Последние новости