www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан эмгек мигранттарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу маселеси боюнча ЕАЭБдин алкагында сотко кайрылды. Бул тууралуу Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Гүлнара Баатырова ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттары үчүн медициналык камсыздандыруу полисин алуу механизмин жөнөкөйлөтүү зарылдыгы маселесин көтөрдү.
Муканов жооп катары бул маселе боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.
«Кыргызстан ЕАЭБ сотуна кайрылды. Өткөн жумада жыйын өттү, жыйынтык 2 жумадан кийин күтүлөт. Россия тарап ЕАЭБ алкагындагы макулдашууларды аткарбай жатат, медициналык камсыздандыруу эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө да жайылышы керек. Бул маселе Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун сапары учурунда да көтөрүлгөн», деди ал.
Баатырованын айтымында, эмгек келишимдери бар жарандар боюнча суроолор көп жаралбайт.
«Социалдык өнүктүрүү министрлигине бийиктиктен кулап кеткен же өндүрүштүк жаракат алган жарандар тууралуу суроолор келип түшөт. Бул багытта биргелешип иштөө зарыл», - деп кошумчалады ал.