www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арзыбек Кожошев Индия Республикасынын мунай жана жаратылыш газ министри Хардип Сингх Пури менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. 

"Индия Республикасынын мунай жана жаратылыш газ министри Хардип Сингх Пури менен «India Energy Week – 2026» (IEW-2026) алкагында жолугушуу өткөрдүм.

Возможно, это изображение помост и текст

Жолугушуунун жүрүшүндө биз дүйнөлүк энергетика тармагындагы учурдагы абалды талкуулап, Индия Республикасында жана ЕАЭБ мамлекеттеринде кайра жаралуучу энергия булактарынын, атомдук жана суутек энергетикасынын өнүгүү процесстери боюнча маалымат алмашышты. Ошондой эле бул багыттардагы өз ара кызматташуунун келечектүү перспективалары белгиленди.

«Биз белгилеген маселелер өз ара талкуулоо үчүн да, таза энергия булактары тармагындагы программаларды биргелешип өнүктүрүү үчүн да кызыгууну жаратат деп эсептейм. Бул өз кезегинде мамлекеттерибиздин туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн климаттык тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледим.

Мындан тышкары, бул маселелерди Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчаларында, атап айтканда, быйыл май айынын аягында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган жыл сайынкы Евразия экономикалык форумунун алкагында улантууну сунуштадым",-дейт ал. 

Возможно, это изображение помост

Последние новости