www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мамлекеттик банктардын саны алтыга жетип, бул маселе коомдо талкуу жаратууда. Финансы министри Руслан Суйналиевдин айтымында, мамлекеттик банктардын көбөйүшү өлкө үчүн оң көрүнүш болуп эсептелет.
Анын сөзүнө караганда, мамлекет бул банктарды капиталдаштыруу аркылуу колдоп, алардын кредит берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө. Айрыкча айыл чарба тармагына жана фермерлерге жеңилдетилген, анын ичинде пайызсыз насыялар да берилүүдө.
Министр Кыргызстанда азыр көптөгөн айыл чарба жана социалдык колдоо программалары бар экенин, алар калк үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн экономикасы өсүп жатканын айтып, ички дүң өнүм дээрлик 2 триллион сомго жакындаганын, ал эми мамлекеттик бюджет тарыхта биринчи жолу 1 триллион 104 миллиард сомго жеткенин билдирди.
Анын пикиринде, эл аралык каржы уюмдары Кыргызстанга жакшы баа берип жатат, ошондуктан алты мамлекеттик банк өлкө үчүн жетиштүү эмес, тескерисинче нормалдуу көрүнүш.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 13-майында Улуттук банк “Кылым Банкка” банктык операцияларды жүргүзүү лицензиясын берген. Бул банк толугу менен мамлекетке таандык болуп, уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт. Ал кадимки банктык кызматтардан тышкары, баалуу кагаздар менен иштөөнү камсыз кылган улуттук депозитарий жана борбордук контрагент функцияларын да аткарат.