www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 8-майда Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Жаңжалдын кесепетинен 4 киши жаракат алып, бир тургундун үйү өрттөнгөнү маалым болгон. 

Бүгүн, 9-май күнү Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев окуя болгон жерге барды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Уларбек Шаршеев 2020-жылдын 8-майында ок атышуудан жаракат алган  Баткен бириккен облустук ооруканасында дарыланууда жаткан  аскер кызматкерлеринен кабар алды. 
Чек ара мекемесинин башчысы аларды батыраак сакайып кетишин каалап, Мамлекеттик чек ара кызматы алардын ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн баардык аракеттерди көрөт жана тиешелүү жардамдарды берээрин билдирди. Полковник Уларбек Шаршеев аскер кызматкерлерди Жеңиш Күнү менен куттуктап, чек арачылар жакынкы күндөрдө катарыбызга кошулуп калат деген үмүттөбүз деп билдирди. 
Ал ошондой эле оорукананын медициналык кызматкерлери менен жолугуп, алар өз учурунда жаракат алган аскер кызматкерлердин ден-соолугу жана мындан ары дарылоо ыкмасы боюнча баяндама беришти. Бүгүн Бишкектен келген медициналык топ оор жаракат алган аскер кызматкерлердин ден-соолугу боюнча консилиум өткөрүшөт. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы "Биз биздин чек арачыларыбызга керектүү жардамдарыбызды аябайбыз, Сиздер эң башкысы аларды бизге катарга кошуп бергиле"-деп дарыгерлерден суранды", -деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости