www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору каралды.
Анын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын өркүндөтүүгө жана мамлекеттик күзөт органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары, комитет «2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026–2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун да экинчи окууда колдоого алды.

Документке ылайык, жалпы көлөмү 500 млн АКШ долларын түзгөн каржылоо каражаттары экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө жана 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууга багытталат.

Ошондой эле жыйында «2025-жылдын 26-июнунда кол коюлган эл аралык укуктук жардам жана укуктук мамилелер боюнча конвенцияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдорду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору да экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Бул протоколдор жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча мамлекеттер аралык укуктук кызматташууну өркүндөтүүгө багытталган.

Последние новости