www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун активи жана жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, район жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө аймактарды өнүктүрүү, социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү ыкчам чечүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин күчөтүү маселелерине токтолду.
Президент Жапаров Жумгал районунун стратегиялык маанисине, анын ичинде көмүр казуу тармагы, транспорттук логистика жана Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолунун өтүшү региондун өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Ал Нарын облусунун бюджетинин акыркы жылдардагы өсүшүн да мисал келтирип, 2021-жылы 960 млн сом болгон облус бюджетинин көлөмү 2024-жылдын жыйынтыгы менен 2,3 млрд сомдон ашканын, ал эми республика боюнча консолидацияланган бюджет 1,1 трлн сомдон жогорулаганын билдирди.
Мындан тышкары, өлкөдө айлык акы, пенсия жана жөлөкпулдарды жогорулатуу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акылары дагы жогорулайт.
Жолугушууда Жумгал районунда акыркы жылдары аткарылган иштер тууралуу да маалымат берилди. Атап айтканда, көмүр казуу көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көбөйүп, инфраструктура, жол жана социалдык объектилер курулуп жатканы белгиленди.
Президент ошондой эле “Кара-Кече” 1200 МВт жылуулук электр станциясынын курулушу баштала турганын айтып, бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү экенин кошумчалады.
Мындан сырткары, таза суу менен камсыздоо, ирригация системаларын жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, социалдык контракт программасы жана саламаттык сактоо тармагындагы жетишкендиктер да белгиленди.
Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров райондук жетекчиликке жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү тапшырды. Анын ичинде таштанды таштоочу жайларды иретке келтирүү, жайыт маселелерин тактоо, сырттан келген дарыгерлерди турак жай менен камсыздоо сыяктуу маселелер бар.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.