www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду

2026-жылдын 23-июнунда саат болжол менен 03:30 чамасында Манас шаарындагы Курманбек көчөсү менен С. Качкынбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Базар-Коргон районунун тургуну, 1980-жылы туулган Ж.Э.Э. өзүнүн «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаасы менен С. Качкынбаев көчөсү боюнча чыгыштан батышты көздөй бара жатып, Курманбек көчөсү боюнча түштүктөн түндүктү көздөй келе жаткан «BMW X5» үлгүсүндөгү унаанын жолуна чыгып кеткен. Натыйжада эки унаа кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Daewoo Tico» унаасынын айдоочусу Ж.Э.Э. окуя болгон жерде каза болгон.

Ал эми «BMW X5» унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында ал шектүү катары аныкталып, кармалган. Ал Сузак районунун 2008-жылы туулган тургуну А.Н.А. экени белгилүү болуп, Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүүнүн күнөөсү аныкталса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости