www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын жети айында өлкөнүн мамлекеттик карызын тейлөөгө 18 миллиард 880,2 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында кабарланды.
Эске салсак, тышкы карыз — эл аралык уюмдардан жана башка мамлекеттерден чет элдик валютада алынган карыз. Ички карыз — мамлекеттик баалуу кагаздарды (сом менен) чыгаруу эсебинен түзүлөт.
Январь-июль айларында сумманын дээрлик көбү, башкача айтканда, 12 миллиард сому тышкы карызды төлөөгө жумшалган. Калган 6,9 миллиард сом ички карызга кеткен. Ошол эле учурда 2021-жылы жарым жылдыкта (январь-июль) Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард 790,9 миллион сом сарптап, рекорд койгон.
Соңку маалыматтар боюнча (июндун аягы), мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 224,43 миллион сомго жетти. Анын ичинен 4,2 миллиарды сырттан алынган. Акыркы жылдары төлөнгөн каражаттын көлөмү өсүп баратат.
Булак: NazarNews.kg