Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды
Расмий кабарлар  |   |  881

Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Белгилей кетсек, мораторийдин мөөнөтүн узартуу COV1D-19 вирусунун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями