www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында мамлекет башчысы Министрлер кабинетине караштуу төмөнкүлөр түзүлсүн деп токтом кылат:
Мамлекеттик кадр кызматынын жана Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин базасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик;
Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун базасында Социалдык фонд.
Мындан тышкары, аталган жарлыктын негизинде Тышкы иштер министрлигинин аталышы өзгөртүлдү. Мурунку аталышынан “тышкы соода жана инвестициялар” деген сөздөр алынып салынды.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg