www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолугушту. Анда банкты Жашыл климаттык фондго (ЖКФ) аккредитациялоо маселеси талкууланды.

Жолугушууда банкты аккредитациялоого даярдоо боюнча практикалык кадамдар каралды. Анын ичинде мекеменин институционалдык даярдыгын баалоо, экологиялык жана социалдык стандарттарга шайкештигин камсыз кылуу, тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин өркүндөтүү жана климаттык долбоорлордун портфелин түзүү маселелери талкууланды.

Тараптар эл аралык климаттык каржылоону тартуу Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилешти.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ЖКФга аккредитацияланышы өлкөнүн климаттык каржылоо ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Бул каражаттарды климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана төмөн көмүртектүү өнүгүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго багыттоого мүмкүнчүлүк берет.

Министр Акыл Токтобаев эл аралык климаттык каражаттарды тартуу менен катар аларды улуттук финансылык институттар аркылуу маанилүү долбоорлорду каржылоого багыттай алган туруктуу улуттук финансылык архитектураны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Последние новости