www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү алдыңкы медициналык кызмат көрсөтүп келе жаткан Бонецкий лабораториясына иш сапар менен барды. Лабороториянын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, салыктык милдеттенмелерди аткаруу маселелерин талкуулады.

Сапардын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматовго Бонецкий лабораториясы салыктык төлөмдөрдүн толук ачыктыгын камсыз кылуу үчүн колдонуп жаткан алдыңкы ыкмалар тууралуу маалымат берилди.

Айрыкча, tax.salyk.kg онлайн-ККМ кассасы менен интеграцияланган автоматташтырылган маалыматтык системанын колдонулушу белгиленди. Ар бир анализдин наркына бардык салыктарды автоматтык түрдө эсептеп кошууга мүмкүндүк берери айтылды.

Мындай ыкма салыктык милдеттенмелерди так, толук жана ачык аткарууга шарт түзөт.

Бонецкий лабораториясы медициналык кызмат көрсөтүү тармагындагы ири салык төлөөчүлөрдүн бири болуп саналат. Ай сайын мамлекеттик бюджетке 10 миллион сомдон ашык каражат которот. Бул салым өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылууда жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Бонецкий лабораториясы карманган жоопкерчиликтин жана ачыктыктын принциптери ачык экономикалык чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Ал башка компанияларды да бул стандарттарды карманууга шыктандырат деген ишенимин билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов салык кызматы салык төлөөчүлөр менен тыгыз кызматташууну улантарын кошумчалады. Ошондой эле салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуу үчүн заманбап чечимдерди киргизүүгө көмөк көрсөтөрүн баса белгиледи.

Последние новости