Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилди
Расмий кабарлар  |   |  1643

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдалиев Кабыл Кушбаковичке сөгүш берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кабыл Абдалиевге жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш берилген.

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями