www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик сатып алуулар департаменти арыздарды жана нааразычылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын курамына эки адис издеп жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билидиршти.

Ага ылайык, комиссиянын курамы үч топтон турат, анын ичинде коомчулуктун өкүлдөрү жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү адистер бар.

"Комиссия сатып алуучу уюмдун чечимин, сатып алуулар боюнча даттанууларды, нааразычылыктарды жана жакшы иштебеген ишканаларды ишенимсиз компаниялардын базасына киргизүү боюнча өтүнүчтөрдү карайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

Кыргызстандын жарандыгы;

жогорку кесиптик билим;тийиштүү иш чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес иш тажрыйба; соттолбогондугун тастыктачу маалым кат; саясий, мамлекеттик, атайын кызматта иштебеши керек; Талапкерлерден документтер 25-сентябрга чейин Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматты Финансы министрлигинен алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости