www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзам долбоору Кыргызстандагы орус тилдүү жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, орус тилинин ролун кыскартат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

Анын айтымында, элчилик тынчсыздануу менен тил тармагында сунушка көз салууда. 

«Кызуу талкууга алынып жаткан "КРнын мамлекеттик тили жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорун карап чыктым.  Чындыгында, кооптонулар бар, орус тилинин орду жана колдонуу чөйрөсү кыскарып калышы мүмкүн. Азыркы жетишкендиктерден оңой эле баш тартып коюунун зарылчылдыгы барбы?", - дейт  Николай Удовиченко.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты.  Долбоор коомдук талкуудан өтүп, парламенттин кароосуна сунушталат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости